Бишкек, 28.01.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө мобилдик банкингдин жасалма онлайн чеги аркылуу дүкөн ээлерин алдаган шылуундар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-январда Ысык-Көл райондук милициясына Бостери айылынын жана Чолпон-Ата шаарынын тургундарынан окшош мазмундагы үч арыз келип түшкөн. Арызданган жарандар өз дүкөндөрүнө белгисиз адамдар келип, соода кылып, мобилдик банк тиркемеси аркылуу жасалма чек көрсөтүп, аларды алдап кеткенин билдиришкен.
Жабырлануучуларга жалпы 11 406 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБинин КБРне катталып, КР Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну, мурда уурулук үчүн соттолгон 2006-жылы туулган Э.Э. жана Ысык-Көл районунун тургуну, 2006-жылы туулган И.Х. болуп чыккан.
Алдын ала суракка алынган шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан.
Тергөө амалдары уланууда.