Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүү үчүн Манжероктун тажрыйбасы колдонулат – Туманбаев

Туризм Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев туристтик инфраструктура менен жакындан таанышуу максатында тоолуу Алтайдын Манжерок курортуна иш сапары менен барды.

“Манжероктун тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен таанышып, мындай заманбап шарттарды Ысык-Көл облусунда, айрыкча Жыргалаң курортунда ишке ашырууну пландап жатабыз. Каракол шаарында жаңы эл аралык аэропорттун курулушу аяктап, мындан ары туристтерди ар кайсы өлкөлөрдөн түз кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Бул Ысык-Көлдүн кышкы туристтик мүмкүнчүлүгүн андан ары өнүктүрүп, аймактын экономикасына жана жергиликтүү калктын кирешесине зор салым кошоруна ишенебиз.” - деди Каныбек Туманбаев.

Туризмди өнүктүрүү аркылуу Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарына кошула алат. Ошондой эле туризм индустриясы өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп, аймактагы ишкердикти жана инфраструктураны жакшыртууга түрткү берет.