Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө Тоң чилдеси фестивалы өтөт.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, көчмөндөрдүн кышты узатуу жана көктөмгө даярдануу түлөөсү 14-февралда Тоң районундагы Шатылы боз үй шаарчасында өтө турган Тоң чилдеси майрамы өтөт.
Иш-чаранын максаты:
• Улуттук көчмөн маданиятыбызды жандандыруу,
• Кыргызстандын этнотуризм мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде даӊазалоо,
• Майрамдык программаны сыноодон өткөрүү жана кышкы туризмди өнүктүрүү,
• Салттуу руханий тазалануу жана келечекке тилек кылуу түлөөсүн өткөрүү.
Катышуу талабы:
• Улуттук нукура кийимдер менен келүү,
• Мини көчмөндөр оюндарына жана этноспорттук мелдештерге активдүү катышуу.
Белгилей кетсек, иш-чара Тоң райондук администрациясы жана Тескей жээк дестинациясы тарабынан уюштурулган.
Сурап-билүү үчүн байланыш телефону: + 9 9 6 5 5 2 2 0 1 0 4 0 Тескей жээк дестинациясы.