Ысык-Көлдө эки заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү ачылды

Аймак 12 сентябрь 2026 10:20
Ысык-Көлдө эки заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү ачылды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 12.09.26./Кабар/. Ысык-Көл облусунда өлкө бюджетинин эсебинен курулган эки заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү ачылды.

Өзгөчө кырдаалдар ммнистрлигинен билдиришкендей, Ак-Суу районунда жаңы курулган №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү райондогу 34 айылга кызмат көрсөтөт.

Ал эми Кажы-Сай айылындагы №37 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү Тоң жана Жети-Өгүз райондорун тейлейт.

Жаңы бөлүктөрдө өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу унаалары үчүн токтотуучу бокстар, кызматкерлердин иштөө жана диспетчердик бөлмөлөрү, окуу классы, жуунучу жай, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү каралган.

Ошондой эле куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу үчүн окуу мунарасы жана машыгуу үчүн спорт аянтчасы курулган.