Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейдде 300 метр тор алынды

Экология 12 Январь 2026 10:06
615330280_873111288675335_8920281136040514654_n.jpg
613207430_873111452008652_7144267826300975262_n.jpg
615553588_873111232008674_4538569445225955549_n.jpg
614772106_873111505341980_1023271752392119950_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чарада мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлүп, суудан жалпы узундугу 300 метрди түзгөн эски кытайлык синтетикалык торлор алынды.

Министрлик браконьерликке каршы иш-чаралар мындан ары да системалуу түрдө улантыларын белгиледи.