Ысык-Көлдө бир микрокредиттик агенттикке айып салынды

Экономика 12 март 2025 16:15
Ысык-Көлдө бир микрокредиттик агенттикке айып салынды

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө бир микрокредиттик агенттикке айып салынды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан бир микрокредиттик агенттикке 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.