Ысык-Атада "Ивановка" кичи суу сактагычы ишке берилди

Аймак 1940 14 Апрель 2025 11:35
photo_5469841641633343446_w.jpg
photo_5469841641633343445_y (1).jpg
photo_5469841641633343444_y (1).jpg
photo_5469841641633343443_y (1).jpg
photo_5469841641633343442_x (1).jpg
photo_5469841641633343441_w.jpg
photo_5469841641633343440_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5469841641633343446_w.jpg
photo_5469841641633343445_y (1).jpg
photo_5469841641633343444_y (1).jpg
photo_5469841641633343443_y (1).jpg
photo_5469841641633343442_x (1).jpg
photo_5469841641633343441_w.jpg
photo_5469841641633343440_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда "Ивановка" декадалык жөнгө салуу бассейни ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кичи суу сактагычты ишке берүүгө катышып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясий багытынын алкагында агроөнөржай тарамагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө болгон иш-аракеттер өз натыйжасын берип жатканын белгиледи.

"Мына жакшынакай суу сактагыч толук оңдоодон өттү. Эми дыйкандарыбыз суу менен кенен камсыз болуп, жаңы жерлерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ар дайым элибизде суу болсун. Дыйкандарыбыз иштеткен жеринен береке таап, кирешеси көбөйүп, өлкөбүздүн экономикасы өсүп, токчулук болсун", - деди ал.

Кичи суу сактагычтын сугат аянты капиталдык оңдоого чейин 300 гектарды түзчү. Капиталдык оңдоодон кийин бассейнге топтолгон сугат суунун сыйымдуулугу көбөйүп, 1,200 млн м3 жетип, кошумча 600 гектар айдоо жерге жана 60 гектар кайрак жерге суу берүү мүмкүнчүлүгү кеңейди. Натыйжада жалпы 960 гектар жерди сугарууга шарт түзүлдү. Оңдоо иштери геомембрана төшөө менен аткарылды.