Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе жогорулап кеткенин экологдор байма-бай айтып келишет. Суук түшөрү менен шаарды түтүн каптап, абанын кескин булганып кеткени тургундарды бир топ кабатыр кылып келет. Шаардын абасын булгап жаткан негизги факторлордун бири болуп кышында жагылган көмүр эсептелет. Биринчи кезекте бул миңдеген тонна көмүр жаккан Бишкек жылуулук борбору жана шаардагы жеке менчик үйлөр, шаарды курчаган жаңы конуштар, алардын баары көмүр жагат. Буга карата абанын булганышын алдын алуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул ирет “Кабар” маалымат агенттиги атмосферанын булганышы өсүп жаткан шартта аэродинамика мыйзамдарын колдонуп, электр жарыгысыз жана суусуз иштеген түтүн чыпкалоочу инновациялык аппаратты ишке киргизген инженер-гидротехник Амантур Салымбаев менен маек курду.
![WhatsApp Image 2025-02-10 at 10.49.26.jpeg](/media/images/WhatsApp_Image_2025-02-10_at_10.49.26.width-800.jpg)
— Саламатсызбы! Түтүндөн абаны тазалаган инновациялык аппарат ойлоп тааптырсыз, аталган аппарат тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Аппаратты “үч чыпка” деп атадым. Үч чыпканы иштеп чыгууга 1 жыл убакыт кетти. Бул аппарат абаны тазалоонун 98% эффективдүүлүгүн көрсөтүп, учурда Кыргызпатентте каттоодон өтүүдө. Март айынын башында патент алышым керек. Үч чыпка 5-6 жылга эсептелген жана техникалык тейлөөнү талап кылбайт. Бир үч чыпканын баасы 25 миң сом. Бүгүнкү күндө Accelerate Prosperity фондунун колдоосу менен 6 чыпканы орноттук. Үч чыпканы жеке турак үйлөргө, орто көлөмдөгү ашканаларга гана коюуга болот. Чоң ишканаларга, көп кабаттуу үйлөргө, тойканаларга коюуга болбойт. Себеби, мен ойлоп тапкан үч чыпка диаметри 300 миллимтердин ашпаган морго гана коюлат.
Учурда төмөнкү даректерде алты үч чыпка орнотулуп, ийгиликтүү иштеп жатат:
- Беловодск айылындагы Борбордук мечитте;
- Бишкек: Forge;
- Бишкек-СҮТ;
- "ЭКО-үй Быстротоктогу" демо борбору;
- Нарын шаарында;
- Медеров-Жукеева-Пудовкин көчөсүндөгү жеке менчик объектте.
Өткөн жумада Жараталыш министрлигинин, Экологиялык мониторинг департаменттин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте чыпка коюлган объекттерге барып көзөмөл жүргүздүк. Чыпкаларды Экологиялык мониторинг департаментинен барган адистер текшеришти. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат.
![WhatsApp Image 2025-02-10 at 10.51.21.jpeg](/media/images/WhatsApp_Image_2025-02-10_at_10.51.21.width-800.jpg)
— Сиз ойлоп тапкан үч чыпканын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Буга чейинки изилденип чыккан чыпкаларды көрүп, байкап келгенмин. Алардын баарына жарык же болбосо суу керектелет. Буларды кошкондо, сөзсүз түрдө чыпканын баасы кымбат болот. Түзүлүшү дагы бир аз таатал келет. Чыпканы изилдей баштаганда эле мен ойлоп тапкан чыпканы ким колдоно алат деп ойлондум. Биринчи кезекте жеткиликтүү баада кылуу керек болду. Чыпканын өзгөчөлүгү баасы арзан, түзүлүшү жеңил, анан энергия менен техникалык тейлөөнү талап кылбайт жана 5-6 жыл иштейт. Бул аны экономикалык да, экологиялык да жактан эң жеткиликтүү жана натыйжалуу кылат. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, чыпканы ойлоп табуунун негизги максаты коммерциялык пайда эмес, экологияга жана келечек муундун саламаттыгына кам көрүү. Буга чейинки коюлган бүт чыпкалар, коммерциялык максатта коюлган.
![WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.49.55 (1).jpeg](/media/images/WhatsApp_Image_2025-02-10_at_11.49.55_1.width-800.jpg)
— Үч чыпканы ойлоп табуу оңойго турбаса керек, изилдөөдөгү кыйынчылыктар боюнча айтсаңыз.
— Ооба, албетте. Кыйынчылыктар болгон жок деп айтсам, калп айткан болом. Кезинде жардам сурап кайрылсам, көңүл бурбай койгондор да болду. Бирок ага карабай тайманбастан өз максатыма жеттим. Биздин азыркы экологиялык мыйзамда, ар бир адам чыпканы орнотушу керек деген түздөн-түз буйрук жок. Ошондуктан, азыр жарандардын чыпкага болгон көз караштары мени канааттандырбай жатат. Экологиялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Ошондо жарандарыбыз көйгөйдү түшүнүшөт беле. Ага карата чараларды колдонушмак. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында дагы бул маселени көтөрүп чыкканмын. Тилекке каршы, колдоого алынбады. Билимим инженер-гидротехник болгондуктан, азыркы ыш көйгөйүн жакшы түшүнөм. Көйгөйдү көрүп жөн отура алган жокмун. Өзүмдүн чөнтөгүмдөн каражат чыгарып жана Accelerate Prosperity фондунун колдоосу менен үч чыпканы иштеп чыктым. Жарандарга айтарым, долбоорумду колдоо менен экологиялык көйгөйлөрдү чечсек.
![WhatsApp Image 2025-02-10 at 11.49.55.jpeg](/media/images/WhatsApp_Image_2025-02-10_at_11.49.55.width-800.jpg)
— Борбор калаада ыштан арылуу үчүн дагы кандай аракеттер көрүлүш керек?
—Албетте, үч чыпка менен эле бул маселе чечилбейт. Биринчиден шаардын четинде курулуп жаткан курулушту токтотуу керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен шамал жүрбөй жатат. Буга өзгөчө көңүл буруу керек. Экинчиден борбор каалага метро куруу керек. Антпесе тыгын көйгөйү чечилбейт. Метро курулмайынча ыш көйгөйү дагы чечилбейт. Анткени, унаалар күндөн-күнгө көбөйүп эле баратат.