Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Умрага камданган жарандар "Умра" тиркемеси аркылуу билет сатып алуусу зарыл. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, “Умра” тиркемесинде умра иштерин жүргүзгөн фирмалардын уюштурган турлары жөнүндө жарнамалар чыгат.

“Тиркеме аркылуу фирманы тандап алса болот. Тиркеме менен катталып кетсе, биз кайсы жаран кайсы фирма аркылуу кеткени тууралуу маалым болобуз. Эртеңки күнү күтүлбөгөн окуялар болуп калса, чара көргөнгө жеңил болот”, - деди ал.
Ошондой эле Айбек Иминов ажылык сапарды уюштуруу боюнча “Ажылык” тиркемеси да иштей тургандыгын белгиледи.