Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизация борборунун музейинде “Улуу тоолор баяны” аттуу живопись жана скульптура көргөзмөсү өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин уюштурулуп, учурда анын ачылыш аземине даярдыктар жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына алгач ирет сүрөт жана скульптура чыгармаларынан турган көргөзмө киргизилди.
Экспозицияга живопись жана скульптуралык чыгармалар коюлуп, аларда көчмөндөрдүн жашоо-турмушу, каада-салты жана маданий мурасы искусство аркылуу чагылдырылат.
“Улуу тоолор баяны” көргөзмөсү көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн искусство чыгармалары аркылуу таанытууга жана кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын кеңири жайылтууга багытталган.