Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандарга санарип сом азырынча ишке киргизиле электигин жана учурда мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналбай тургандыгын эскертет.
Финансылык жөнгө салуучу орган санарип сомду ишке киргизүүнүн кечеңдешин борбордук/улуттук банктардын санарип валюталары менен алдамчылык операциялардын алдын алуу максатында жасалып жатканы менен түшүндүрдү.
Белгиленгендей, учурда Улуттук банк санарип сом үчүн платформа тандоо стадиясында турат, ошондой эле улуттук санарип валюта – санарип сомдун укуктук статусу боюнча мыйзам долбоорлорун илгерилетүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү 2027-жылдын 1-январына белгиленген.
Мындан улам, Улуттук банк жарандарды сак болууга, санарип сом тууралуу жалган маалыматтарды, анын ичинде WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер аркылуу таратылган билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат.