Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан ырчы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

Укук тартиби Загрузка... 10 Февраль 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-02-10 at 10.23.53 (1).jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.02.25. / Кабар/. Улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып жаткан ырчы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1985-жылы туулган Кыргызстандын П.К.Т. аттуу жараны “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган. Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет. Бул үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин КР эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Казакстандын “Айран-YouTube” каналына маек берип жатып, "Биздин Ормон хан Кененсарыны өлтүрүүгө аргасыз болгон. Бул үчүн мен казак элинен кечирим сурайм" деген. Анын бул билдирүүсү коомдо кызуу талкууну жараткан.