Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты.
Улан Маматканов облустук клиникалык ооруканага барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Оорукананын жалпы керебет фонду 435 орунду түзөт. Мекеме калкка медициналык жардамдын бир нече түрүн көрсөтөт.
Ошондой эле ал "Бакыт" райондор аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жана балдар үчүн "Ак жол" комплекстүү реабилитациялык борборуна барып, көрсөтүлүүчү кызматтардын уюштурулушу менен таанышты.
"Бакыт" борборуна жыл сайын 2 миңден ашуун бейтап кайрылат. Мекеме ата-энесинин камкордугусуз калган, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга социалдык жардам көрсөтүү багытында иш алып барат.
Иш сапардын алкагында Улан Маматканов Р. Азимов атындагы №13 мектептин абалы менен да таанышты. Мектептин долбоордук сыйымдуулугу 1 миңден ашуун орунду түзгөнү менен, учурда анда 3,8 миңге жакын окуучу билим алат. Лицейде 300дөн ашуун окуучу окуйт.
Жыйынтыгында Улан Маматканов тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына барган объектилердин абалына талдоо жүргүзүүнү, оңдоо иштерине, материалдык-техникалык базаны жаңылоого жана кызмат көрсөтүү шарттарын жакшыртууга байланыштуу биринчи кезектеги муктаждыктарды аныктоону тапшырды.
Мында медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу, балдарды реабилитациялоого зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү мекемелериндеги иш жүзүндөгү жүктөмдү эске алуу менен окуу шарттарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.