УКМК Ошто денеге оор залал келтирүүгө шектүү жаштардын тобун кармады

Укук тартиби Загрузка... 04 Февраль 2025 14:20
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Ош облусунун аймагындагы дене оор залал келтирүүгө шектүү "Нейтрал" жаштардын тобунун мүчөлөрү кармалды.

УКМК тарабынан алдын ала ич ара сүйлөшүү жолу менен адамдардын тобу тарабынан денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ушул жылдын 9-январында "Нейтрал" аталышындагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан, КР А.Б.А. аттуу жаранына кол салуу болгон. Кол салуунун жыйынтыгында А.Б.А. бир топ жаракаттары, бычактан алган жараатарынан улам Ош облустук ооруканасына жаткырылып, ага бир нече операция жасалган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2001-жылы туулган Т.Т.Н., 2002-жылы туулган И.Э.И. кармалып, камакка алынган. Азыркы учурда тергөө иштери улантылып, бул окуянын калган катышуучуларынын жүргөн жерлери такталууда.

Муну менен катар коопсуздук органы тарабынан Ош шаарынын аймагында өз ара уюшулган жаштар топторунун арасында алектенгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын алкагында Х.Н. У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т. аттуу жарандар аныкталып, аларга карата алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жаштар топторунун өкүлдөрүнүн башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бардыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан аларды "калкалоо" фактыларын аныктоо жана андай көрүнуштөргө бөгөт коюу боюнча атайын багыттагы иштер жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, жаштарды, анын ичинде спортчуларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылбоо үчүн ар кандай топтордун мыйзамсыз иштерине аралашпоо боюнча олуттуу түрдө эскертип кетет.