Учурда Жугуштуу оорулар ооруканасында 546 бала дарыланууда – башкы дарыгер

Ден соолук Загрузка... 24 Ноябрь 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жалпы 615 адам дарыланууда. Алардын 546сы балдар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткан балдардын 16сы жандандыруу бөлүмүндө.

“Ушул дем алыш күндөрү биздин ооруканага 758 бейтап кайрылды. Басымдуу бөлүгү курч вирустук ооруларга жана сасык тумоого чалдыккандар. Анын ичинен дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө жараша 237 бейтапты ооруканага жаткырдык”, -деди башкы дарыгер.