Туруксуз аба ырайы. Эки күндө 32 жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-22 at 17.25.14 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Өлкө аймагында эки күндө 32 жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу жол кырсыктары катталып, анын кесепетинен 32 адам ар кандай жаракаттарды алышты.

“Кар жаагандан тарта Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Транспорт министрлиги, Өзгөчө кырадаалдар министрлигинин кызматкерлери жол кырсыгынын алдын алуу максатында кум, туз өңдүү инерттүү каражаттарды сээп, жеринде иш алып барып жатышат. Жалпысынан айтканда жолдор өз убагында толугу менен тазаланып жатат”,-деп кошумчалады ал.