Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги кызыл сызыктан өтүп курулган имараттар буздурулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин аталган көчөнү оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Иш башкармалыктын маалыматына ылайык, бүгүн, 19-мартта Каныбек Туманбаев Айтматов проспектисинин Түштүк магистралдан жогору тарабын кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан кызыл сызыктан өтүп курулган имараттар толугу менен алынарын белгиледи.
"Көчөнүн жээктери кеңейтилип, аймакты жашылдандыруу иштерине басым жасалат. Жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдон сырткары атайын самокат жана веложолдору курулат",-деп айтылат маалыматта.