Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Венада Түрк мамлекеттеринин элчилери жана туруктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Түркиянын БУУнун Венадагы кеңсесинин жана Венадагы башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлү Левент Элер уюштурду.
Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунда учурда төрагалык кылып жаткан өлкөнүн өкүлү катары Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Самир Шерифов, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Феридун Синирлиоглу, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев менен бирге ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин Венада аккредитацияланган элчилери жана туруктуу өкүлдөрү, ошондой эле ТМУнун башкы катчысынын орун басары да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Венада жайгашкан эл аралык уюмдардын алдында иш алып барган түрк мамлекеттеринин туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн ортосундагы координацияны чыңдоо, көп тараптуу эл аралык аянтчаларда түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүүлүгүн жана кадыр-баркын жогорулатуу, ошондой эле "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" жана ТМУнун 2022–2026-жылдарга карата Стратегиясы алкагында жалпы артыкчылыктуу багыттарды алдыга жылдыруу маселелери талкууланды.
Кубанычбек Өмүралиев көп тараптуу дипломатияда жана эл аралык чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жалпы кызыкчылыктарды натыйжалуу коргоо үчүн түрк мамлекеттеринин ортосунда тыгыз институттук координацияны жана үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдү камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.