Төрөбаев күйүүчү майдын баасын арзандатуу мүмкүн эместигин айтты

Коом Загрузка... 12 Март 2025 13:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында депутаттарга күйүүчү-майлоочу майдын баасын эмне үчүн 60 сомго чейин төмөндөтүү мүмкүн эместигин айтты.

Эл өкүлү Казакстанда 50 сомдон сатылган күйүүчү-майлоочу май, эмне үчүн Кыргызстанда 67 сомдон сатылып жатканына кызыкты.

“Дыйкандар күйүүчү-майлоочу май Казакстандан үйлөрүнө чейин 60 сомдон алынып келип жатканын айтышууда”,-деди ал.

Бакыт Төрөбаев күйүүчү-майлоочу майдын баасы төлөнүп жаткан салыкка байланыштуу экенин айтып, ал эми аткезчилик жол менен өлкөгө кирген күйүүчү майдан салык алынбай турганын белгиледи.

“Ошондуктан күйүүчү-майлоочу майларды 60 сомдон сата албай жатабыз. Бул мүмкүн эмес”,- деди Төрөбаев.