Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү Нарын облусунда III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда министр 2025-жылдын планына кирген Нарындагы жолдор боюнча маалымат берди.
"Арал- Миң-Куш — 22 чакырым, Нарын – Орук – Там — 5 чакырым, Баетов-Макмал — 5 чакырым, Сары-Булак-Соң-Көл — 3 чакырым, Ак-Тал - Чат - Жогорку-Май — 4 чакырым, Казарман - Акталчат — 3 чакырым, Ат-Башы - Кында - Торугарт — 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө каралды.
Ал эми Нарын - Баетов унаа жолун бүтүрөбүз. Президент Садыр Жапаровдун дагы койгон талабы ушул", - деди ал.
Белгилей кетсек, курултайда жол тармагына байланыштуу Нарын облусу боюнча 40 кайрылуу түшкөн. Алардын көбү жолдордун абалы, жол куруу иштери болчу.