Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жетекчилигин кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу DW агенттиги жазды.
Трамп аталган агенттикти "акылсыз радикалдар башкарат" деген. "Биз аларды алып салабыз, анан чечим кабыл алабыз», - деп кошумчалады ал.
Белгилүү болгондой, USAID жарандык тышкы жардамды башкаруу жана өнүктүрүү боюнча кызматташтык үчүн жооптуу. Көз карандысыз агенттиктин жылдык бюджети 42,8 миллиард долларды (41,9 миллиард евро) түзөт.
Январь айында АКШнын президенти 90 күнгө бардык чет элдик жардам программаларын токтоткон. Анын ичинде гуманитардык жардам үчүн гана өзгөчөлүк болгон. Ак үйдүн башчысы бул каражаттарды бөлүштүрүү анын тышкы саясатына туура келээрин же жогун текшерүүгө ниеттенүүдө.
Буга чейин АКШнын президенти жаңы өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин жетекчилеринин бири кылып дайындаган бизнесмен Илон Маск USAIDди сынга алган. Tesla жана SpaceX компаниясынын башкы директору агенттикти кылмыштуу уюм деп атап, COVID-19 катары классификациялаган биологиялык куралды иштеп чыгууну каржылаган деп айыптады.
Маск өзүнүн дооматтарын ырастоочу эч кандай далил келтирген жок. АКШнын мурунку администрациясы мындай айыптоолорду Россиянын жалган маалымат кампаниясы менен байланыштырган.