Трамп АКШдагы авиакырсыкта аман калгандар жок экендигин айтты

Дүйнө Загрузка... 31 Январь 2025 10:34
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондогу авиакырсыкта аман калгандар жок экендигин айтты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, Трамп аскердик тик учак менен жүргүнчү ташыган учактын кагылышуусу болгон жерде учурда издөө иштери жүрүп жаткандыгын белгилеген.

The New York Post гезитинин маалыматына караганда, учак эки бөлүккө бөлүнсө, тик учак суунун 2 метрдей тереңдигине чейин чөгүп кеткен.

Учактын бортунда 60 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү, ал эми тик учакта кеминде үч аскер кызматкери болгон.

Куткаруучулар издөө иштери учурунда 28 адамдын сөөгүн суудан алып чыгышты. Учурда жеринде 300дөй куткаруучу иштеп жаткандыгы айтылды.

АКШда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 30-январда Вашингтондогу Рональд Рейган аэропортунан анча алыс жерде аскердик тик учак менен жүргүнчү ташыган учак кагылышып, Потомак дарыясына кулаган.