Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин элесине арналган манасчылардын кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кароо-сынак манасчылык өнөрүн аркалаган жаш таланттарды колдоо, мыкты манасчыларды жалпы коомчулукка таанытуу, айтыш өнөрүн алып жүргөн жаш муундарга жол ачуу жана улуу эпосту жайылтып, өнүктүрүүнү улантуу максатын көздөйт.
Сынакка 30 жашка чейинки бардык манасчылар катыша алат.
Мелдеш эки айлампа менен өткөрүлөт:
- 1-айлампа (тандоо туру): Катышуучулар эпостон билет кармоо менен 10–15 мүнөттүк үзүндү айтышат. Калыстар тобу тандаган 10 манасчы финалга чыгат.
- 2-айлампа (финал): Манасчылар эркин темада 15–20 мүнөттүк үзүндү аткарышат.
Баалоо критерийлеринде көркөмдүүлүк, окуянын ырааттуулугу, аткаруу чеберчилигине маани берилет.
Финал 1-декабрда Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтөт. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.