Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,2 млрд куб метрди түздү

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
ges.jpg

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 241 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 207 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 747 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.