Тоң районунда "Тоң чилдеси" кышкы фестивалы өттү

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2025 12:09
copyright icon Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25./Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунун Тоң районунда «Тоң чилдеси» кышкы фестивалы өттү .

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, фестивалда улуттук кийимдер, оюндар, бүркүт жана тайгандар менен аңчылык көрсөтүлүп, «Манас» эпосу айтылды.

Ошондой эле фестивалдын программасында кыргыз маданиятын жана салттарын чагылдырган көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өттү.

Майрам "Манас" эпосу жана "Шырылдаң" концерттик программасы менен башталып улуттук музыкалык аспаптарда кыргыз элинин атактуу чыгармалары аткарылды.
Өзгөчө улуттук оюндарга басым жасалып, бука тартыш, ордо, кыз куумай, эр оодарыш жана оромпой оюндары ойнолду.

Программанын эң башкы бөлүгү бул кыргыз этникалык кийимдердин көргөзмөсү болду. Кол менен тигилген улуттук кыргыз кийимдеринин жаркыган орнаменттери жана өзгөчө деталдары фестивалдын катышуучуларын сүйүндүрдү.

Фестивалдын кульминациясы улуттук кыргыз боз үйүн тигүү болду. Бул процесске баары катышты – музыкантчылар, бүркутчулөр, туристтер муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты көрсөтүштү.