Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. «Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы эрежелеринин бузуу фактысын аныктады.
Бажы кызматынан билдиришкендей, «Темир жол бекети» БТЖсында «Ф.К.» ЖЧКсынын өкүлү, К.Ж.К. аттуу жарандын катышуусунда Америка Кошмо Штаттарынан келген почта жөнөтмөлөрүнө бажылык текшерип кароо жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында толук көлөмдө декларацияланбаган жана бажы органдарына берилген документтерде көрсөтүлгөн баасын төмөндөтүү менен товарлар аныкталып, жалпы саны 88 бирдикти түзүп, мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 408 023 сомду түздү. Ал эми “Ф.К” ЖЧКнын өкүлү жүк коштоочу документтерин бере алган эмес.
Табылган товарлар:
- Ноутбуктар жана планшеттер;
- Электроника үчүн аксессуарлар жана компоненттер (сактагычтар, клавиатуралар, процессорлор);
- Уюлдук телефондор жана акылдуу сааттар;
- Аудио түзмөктөр (кулакчындар, колонкалар);
- Электрондук гаджеттер жана камералар;
- Балдар оюнчуктары.
Аталган факты КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.