Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) 15 жылдык тарыхында өзүн толук кандуу эл аралык мамлекеттер аралык уюм катары көрсөтүп, глобалдык деңгээлде кеңири таанылды. Анын алкагында мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир нече долбоорлор ишке ашырылууда. Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан болуп саналат. Байкоочу иретинде Венгрия, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Түрк Республикасы жана Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) кирет.
2022-жылдын ноябрынан тартып Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын кызматын Кубанычбек Өмүралиев аркалап келет. Ал буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген. Бул аралыкта расмий жана бейформал саммиттер өткөрүлдү.
Кубанычбек Өмүралиев «АКИpress» агенттигинде маек берип, уюмдун келечеги, анын курамын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жана башка маанилүү маселелер жөнүндө айтып берди.
- Өткөн жылы Түрк мамлекеттер уюмунун пайдубалын түптөгөн негизги документ болгон Нахчыван келишиминин 15 жылдыгы белгиленди. Бул мөөнөт ичинде уюм кандай өзгөрдү?
- Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүүсү ага мүчө мамлекеттердин жалпы умтулууларын жана көз карашын чагылдырган чындап эле таасирдүү процесс болуп эсептелет. Нахчыван келишимине 2009-жылы расмий түрдө кол коюлган деп эсептелсе да түрк кызматташтыгынын тамыры бир топ тереңдеп жатат.
1990-жылдардын башында, Советтер Союзу кулагандан кийин түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлеринин алгачкы саммиттери өткөрүлгөн. Бул жолугушуулар биздин элдердин биримдикке, өз ара түшүнүшүүгө жана ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон умтулуусун билдирген. 2009- жылы бул умтулуу тарыхый окуяга алып келди. Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын лидерлери Нахчыван келишимине кол коюп, Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин пайдубалын түптөшкөн. Ал эми 2021-жылы Стамбулдагы саммитте Кеңештин аталышы Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлүп, толук кандуу эл аралык түзүмгө айланган.
![](/media/images/3107674.99f993aa31ac740f7e962ccfe96cd99d.width-800.jpg)
Салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде ТМУ регионалдык деңгээлде гана эмес, дүйнөлүк аренада да мааниге ээ болууга жетишти. 2011-жылдан бери биз үзгүлтүксүз саммиттерди өткөрүп келебиз. Анда биз экономика менен маданияттан баштап, билим берүү жана социалдык саясатка чейинки маселелердин кеңири спектри боюнча чечимдерди кабыл алабыз. Бирок ТМУ эмнеси менен уникалдуу? Бул жөн гана соода келишимдерин же экономикалык интеграцияны ишке ашыруучу уюм эмес. ТМУнун негизинде биздин элдердин ортосунда кылымдар бою калыптанган жалпы тарыхый, тилдик, маданий жана салттык байланыштар жатат. Бул жөн гана өнөктөштүк эмес, чыныгы бир туугандык мамиле.
Азыркы учурда мүчө мамлекеттер өз ара эки тараптуу мамилелерин Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болуу негизинде түзүп жатышат. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Биз «бир туугандык» духунун эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги фактору болуп жатканын көрүп жатабыз.
![](/media/images/3107622.9d9bb787d271e3c9b936a746faa2a128.width-800.jpg)
Бүгүнкү күндө ТМУ тышкы саясат жана соодадан тартып, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүү жана космосту изилдөө сыяктуу 35тен ашык ар кандай чөйрөдө активдүү иш алып барууда. Анын ичинен эң манилүү демилгелердин бири космос тармагындагы кызматташтык. Бишкекте өткөн акыркы саммитте уюмга мүчө өлкөлөр космос чөйрөсүндө биргелешкен иштерди жүргүзүү тууралуу келишимге кол коюшту.
Биздин амбициялуу долбоорлордун бири — жалпы спутникти түзүү. Аны учуруу жакынкы жылдары пландалууда. Бул спутник аба ырайын болжолдоо, табигый кырсыктарды алдын алуу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн баалоо үчүн баалуу маалыматтарды берүү менен натыйжалуу айыл чарба башкаруу аркылуу биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө зор салым кошоору шексиз.
Мисалы, өткөн жыл ТМУ үчүн өзгөчө маанилүү болду. Анткени биз өнөр жай, илим, технология жана инновация министрлеринин, юстиция министрлеринин, ички иштер министрлеринин, ошондой эле картографиялык мекемелердин жетекчилеринин биринчи жолугушууларын өткөрдүк. Бул жолугушуулар биздин мүчө-мамлекеттерибиздин тиешелүү тармактардагы кызматташтыгынын бекем пайдубалын түздү. Ошентип, бүгүнкү күндө ТМУ биздин өлкөлөр ортосундагы туруктуу жана жемиштүү диалогдун негизги платформасына айланды. Жыл өткөн сайын биздин уюм аймактык кызматташтыкты чыңдап, глобалдык процесстерге олуттуу салым кошуп, өз ара байланышта жана туруктуу дүйнөнү түзүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз.
- Сиздин жоопторуңузга таянып, уюм калыптануу этаптан өтүп, формалдуу уюм болуп калуу коркунучун жеңди деп айтсак болобу?
- Ооба, азыр бул мезгил артта калып, уюмубуз ишенимдүү түрдө бутуна туруп, өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты. ТМУнун келечеги ачык жана жарык, ал эми алдыда болгон мүмкүнчүлүктөрдө чоң үмүттөр бар. Бирок жетишкендиктерди бекемдеп, алдыга жылуу үчүн биз иш-аракеттерибизди дагы да күчөтүп, үзгүлтүксүз улантуубуз керек.
![](/media/images/3107642_DtkJrS9.3e0089f4da0bee22b75ef9423cd34a.width-800.jpg)
- Келечекте ТМУ кеңейип, анын курамына жаңы өлкөлөр кирет деп күтсөк болобу?
- Мен муну дароо тактап кетейин. 2021-жылы Кеңеш ТМУга айланганда, Нахчыван келишимине өзгөртүүлөр киргизилген. Жаңы эрежелерге ылайык, мүчө жана байкоочу өлкөлөр болуп түрк тилдери мамлекеттик же расмий тил катары кабыл алынган өлкөлөр гана кире алышат. Ошентип, кошумча мүчөлөрдү кабыл алуунун критерийлери так аныкталган. Сурооңузга мындан ары кошумча тактоо талап кылбай тургандай толук жооп бердим деп ойлойм.
- Учурда ТМУ мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, сооданы жакшыртуу жана аймактык интеграцияны бекемдөө боюнча кандай негизги демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууда?
- Биздин аймак Чыгыш менен Батыштын, Түндүк менен Түштүктүн кесилишинде стратегиялык жактан маанилүү жайгашкан. Уюмга мүчө мамлекеттердин жалпы калкы 170 миллионго жетет, ал эми аймагы 4,5 миллион чарчы чакырымды камтыйт. Түрк мамлекеттер уюму мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлейт. Мүчө мамлекеттердин жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 860 миллиард долларды түзөт. Бирок анын 5% гана же 42,3 миллиард доллар, ички соодага туура келет. Бул көрсөткүч албетте идеалдан алыс, бирок соңку жылдары жакшы өсүү динамикасы байкалууда. Бир нече жыл мурун ал болгону 3% болчу. Биз аны кыска убакыт ичинде 10%га жеткирүүнү максат кылуудабыз.
![](/media/images/3107654.aa91173f6be15ffd8a078d887ca5d154.width-800.jpg)
Мындан тышкары, биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода дагы өсүп жатат. Мисалы, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соодага көз жүгүртсөк, акыркы беш жылда олуттуу жылыштар болду. Беш жыл мурун мен Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштей баштаганымда эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү болгону 150-160 миллион долларды түзгөн. Эки жылдын ичинде бул көрсөткүч бир миллиард доллардан ашты. Бул тарыхый Жибек Жолунун кайра жанданып жатканынан кабар берет. Анын үстүнө кеп товарларды жеткирүү гана эмес, ошондой эле тейлөө тармагын кеңейтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Дал ушул багытта биз азыр иштеп жатабыз.
Мамлекеттерибиздин ортосунда инвестициялар жана кызмат көрсөтүү тармагындагы эркин соода жөнүндө көп тараптуу келишимди даярдап жатабыз. Соода жүгүртүүнү стимулдаштыруу үчүн тоскоолдуктарды, өзгөчө транспорт жана логистика тармагындагы чектөөлөрдү алып салуу маанилүү. Бул багытта биз Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясы жана Автомобиль транспорту боюнча эл аралык союзу менен активдүү кызматташып жатабыз.
![](/media/images/3107662.40cdab737565d00941812f3cc3535b26.width-800.jpg)
ТМУ алкагында транспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүп, чек арадан өтүү процессин тездеткен «е-TIR», «ePermit» жана «еCMR» сыяктуу долбоорлор ишке ашырылып жатат. Ошондой эле биз бир катар маанилүү макулдашууларга кол койдук, алардын ичинде аралаш жүк ташуу жана жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү боюнча макулдашуулар бар. Бул макулдашуулар аймактагы логистика менен транспорттук байланыштарды жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Транскаспий эл аралык транспорттук коридору же Ортоңку коридор, биздин өлкөлөрдүн аймагынан өтүп, Европаны Азия менен байланыштырган эң маанилүү долбоорлордун бири болуп эсептелет. Тарыхта бул жол Улуу Жибек жолу катары белгилүү. Анын уникалдуу артыкчылыктары — Түндүк коридорго салыштырмалуу 2000 чакырымга кыскараак жана деңиз жолуна караганда үч эсе тезирээк. Товарлар Кытайдан Европага болгону 15 күндө жеткирилет. Ортоңку коридордун инфраструктурасын жакшыртуу 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, 11 миллион тоннага жеткирүүгө шарт түзөт.
«Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040» документинде бул багыт Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эң кыска жана коопсуз транспорттук жолду түзүүгө, биздин өлкөлөрдү аймактык жана глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоого багытталган стратегиялык милдет катары бекитилген. Бул коридордун маанилүү бөлүгү Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат.
![](/media/images/3107626.30b89d36c1f115deae798668d56cfb1d.width-800.jpg)
Эске сала кетсек, аталган темир жолдун курулушунун расмий баштоо аземи 2024- жылдын 27-декабрында Жалал-Абад шаарында өткөн. Темир жол Кашкардан Торугарт ашуусу аркылуу Жалал-Абадга келип, Өзбекстандын Анжиян шаарынан бүтөт. Узундугу 523 чакырым, анын 305 чакырымы Кыргызстандан өтөт. Жалпысынан 27 тоннель, 46 көпүрө курулат. Казарман тоннели эң узун болуп, узундугу 13 чакырымга жетсе, Көк-Арт суусунан өтө турган көпүрөнүн эң бийик тирөөчү 122 метрге жетет. Жалпысынан бул темир жолу транзиттик аралыкты кыйла кыскартып, жылына 15 миллион тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.
Инвестициялык кызматташтык — бул биздин уюмдун дагы бир негизги багыты.
2023-жылы 500 миллион долларлык уставдык капиталга ээ Түрк инвестициялык фонду түзүлдү. Ал ички сооданы өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн аянтча болуп саналат. Ошондой эле 2 миллиондон ашык компанияны бириктирген Түрк мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги аймактагы экономикалык байланыштарды чыңдоого активдүү көмөк көрсөтүүдө.
Мындан тышкары, Бишкектеги акыркы саммитте Санариптик экономикада өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул макулдашуу ТМУ мүчө- өлкөлөрүндө үзгүлтүксүз санариптик сооданы жана трансформацияны ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
![](/media/images/3107658.e5618ef7f7627bb2433c204eb45ecf51.width-800.jpg)
- ТМУ соода жана инвестициялардан башка дагы кандай маанилүү демилгелерди ишке ашырууда жана алар билим берүү, маданият, туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кандай салым кошууда?
- Биздин уюм үчүн билим берүү жана маданият тармактары өзгөчө мааниге ээ. Анык үлгүсү катары Түрк университеттеринин биримдигинин түзүлүшү болуп саналат. Ал 100дөн ашык университетти бириктирип, алардын ичинде Кыргызстандагы алты университет да бар. Бул кызматташтык студенттер жана мугалимдер менен алмашууга гана эмес, жалпы билим берүү стандарттарын киргизүүгө жана биздин өлкөлөр үчүн бирдиктүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө да өбөлгө түзөт.
Маанилүү жетишкендиктердин бири — Бакуда бекитилген Жалпы түрк алфавитинин түзүлүшү болду. Бул 34 тамгадан турган алфавит биздин тил мурастарыбызды сактап, түрк элдеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жардам берет.
Маданият алмашуу боюнча өзгөчө орунду 2012-жылы Кыргызстан тарабынан башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ээлейт. Бул долбоор бүгүнкү күндө биздин маданиятыбызды дүйнө жүзүнө тааныткан чоң майрамга айланды. Соңку оюндарыбыз Казакстанда өтүп, чоң ийгиликке жетти. Эми биз 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чыдамсыздык менен күтүүдөбүз.
Маданият тармагында дагы биз «бирдиктүү музей абонементи» долбоорун түзүү боюнча иштеп жатабыз. Бул долбоор түрк мамлекеттеринин жарандарына ар бир өлкөнүн музейлерин бюрократиясыз жана кошумча кагаз иштери жок кыдырып, башка түрк элдеринин тарыхы менен таанышууну жеңилдетет.
![](/media/images/3107646_3Em9dyj.941ac3a1c8f8c2e9fda1351131cebd.width-800.jpg)
Туризм дагы маанилүү багыт болуп саналат. «Түрк Жибек жолу» жана «Табаррук Зиярат» сыяктуу долбоорлор биздин өлкөлөрдүн маданий мурасын бириктирүүгө жардам берет, ал эми «Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору» программасы биздин мамлекеттердин шаарларын таанытууга жардам берет.
Мисалы, жакында Жалал-Абад шаары 2025-жыл үчүн Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деген наамга татыктуу болду. Маданий туризмди өнүктүрүүдө биргелешкен аракеттерибиз дүйнөлүк аренада жогору бааланып, 2024-жылы биз «Дүйнөлүк туризм лидери» деген сыйлыкка ээ болдук. Бул сыйлык биздин инновациялык көп тараптуу демилгелерибиздин ийгилигин, ошондой эле туризм тармагындагы байланышты бекемдөөгө багытталган аракеттерибиздин натыйжасын тастыктады.
Мындан тышкары кышкы туризмге кызыгуу күчөп жатканын көрүп жатабыз. Түрк тоо лыжа базалары союзунун түзүлүшү биздин табигый ландшафттарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн толук ачуу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет. Быйыл Өзбекстанда биринчи түрк тоо лыжа кубогу өтөт, ага ТМУнун бардык өлкөлөрүнүн тоо лыжа курорттору катышат.
Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн жарандарына Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын курортторунда лыжа лифттерин эркин колдонууга мүмкүндүк берүүчү «бирдиктүү лыжа пастары (абонементтери)" системасын иштеп чыгуудабыз. Бул демилгелер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана туристтик байланыштарды бекемдөөгө гана эмес, экономикалык өсүштү жана элдерибиздин өз ара өнүгүүсүн кеңейтүүгө да жардам берет.
- Бирдиктүү түрк алфавитинин киргизилиши жөнүндө сүйлөшүүлөр көпчүлүк платформаларда көтөрүлдү. Бул тууралуу эмне айта аласыз?
- Бирдиктүү алфавит жөнүндө сөз кылганда, анын маңызын так түшүнүү өтө маанилүү. Биздин максат - - ар бир мүчө мамлекеттин өз улуттук алфавитин алмаштыруу эмес, тескерисинче, элдерибиздин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жеңилдетүү болуп саналат. Биз мамлекеттер деңгээлинде жазуу системаларын бирдей кылууну көздөп жаткан жокпуз. Бул идеянын тарыхы Баку шаарынан башталат. Анда биздин филологдор, интеллектуалдар жана тарыхчылар көп жылдар мурун бул маселени талкуулашкан. Ал кезде азыркыдай эле максат элдердин тилдери бири-бирине түшүнүктүү болуусу үчүн аракет көрүү болгон. Мисалы, туристтерге белгилерди окуу оңой болушу, адабияттын бир нече элге түшүнүктүү болушу максат болуп турган. Ошентип, алфавиттеги бирдиктүүлүк - бул маданий жакындашуунун куралы. Бул жерде эч кандай жашыруун саясий максаттар жок.
![](/media/images/3107650_coxtCZL.afc60e54ea6cfbdfeb25b0d5479220.width-800.jpg)
- ТМУ коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн кандай кадамдарды жасады?
- Акыркы жылдары коопсуздук жаатындагы кызматташтык ТМУ үчүн глобалдык жана региондук чакырыктарга, анын ичинде көп полярдуулуктун күч алышына жана мүчө мамлекеттердин ички коопсуздук көйгөйлөрүнө байланыштуу негизги багыттардын бири болуп калды. «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040» жана «ТМУ 2022-2026-жылдарга карата стратегиясы» деген документтер саясий жана коопсуздук маселелери боюнча тыгыз кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Башкы приоритеттер катары туруктуу консультациялар, аскердик жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле терроризм, экстремизм, миграция жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди уюштуруу көрсөтүлгөн. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ТМУ бир катар маанилүү механизмдерди иштеп чыкты. Алардын катарына Улуттук коопсуздук кеңештеринин жыйыны, коопсуздук маселелери боюнча консультациялар жана көп тараптуу саясий талкуулар кирет.
Маанилүү кадамдардын бири чалгындоо жаатында кызматташтыкты күчөтүү болду. Коргонуу технологияларын жакшыртуу жана чек ара коопсуздугун бекемдөө боюнча демилгелерге өзгөчө көңүл бурулууда. Маанилүү жетишкендиктердин бири - Бишкектеги саммитте Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн Жарандык коргоо механизмин түзүү боюнча эл аралык келишимге кол коюлушу болду. Бул механизм табигый кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга координацияланган ыкма менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт, бул өз кезегинде кризистик абалдарда мамлекеттер ортосундагы координацияны күчөтүп, коркунучтарга ыкчам жана натыйжалуу реакция кылууга шарт түзөт.
- Түрк мамлекеттер уюму эл аралык таасирин бекемдөө жана дүйнөлүк уюмдар менен кызматташууну кеңейтүү үчүн кандай кадамдарды жасап жатат?
- Биздин эл аралык кызматташтыгыбыз акыркы жылдары бир топ кеңейди. Мамлекет башчыларыбыздын тапшырмаларына ылайык, биз Женева, Вена, Брюссель, Париж жана Нью-Йорк шаарларындагы эл аралык уюмдар жана алардын регионалдык кеңселери менен натыйжалуу кызматташтыкты орноттук. ТМУ Катчылыгы негизги эл аралык уюмдар менен максаттуу иш пландарын жана өз ара түшүнүшүү меморандумдарын иштеп чыгып, кол койду. Бул уюмдар арасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калктуу конуштар боюнча программасы (БУУ-Хабитат), БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча программасы (ЮНИДО), Тамак-аш жана айыл чарба уюму (ФАО), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) сыяктуу маанилүү уюмдар бар.
![](/media/images/3107666.559d1689189ee540e030cfec53fae4aa.width-800.jpg)
Мисалы, БУУ-Хабитат менен шаарларды туруктуу өнүктүрүү боюнча меморандумга, ЮНИДО менен жаңылануучу энергия жана туруктуу өнүгүү багытында биргелешкен билдирүүгө кол коюлуп, ДСУ менен 2024-2025-жылдарга карата өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо жана калктын жыргалчылыгын камсыз кылуу багытындагы иш-аракеттердин планын бекиттик. Ошондой эле, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Персия булуңунун араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши, Ислам кызматташтык уюму, Экономикалык кызматташтык уюму, АСЕАН, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жана Африка Биримдиги сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен болгон кызматташтыгыбыз биздин саясий таасирибизди жана дипломатиялык аброюбузду чыңдап, экономикалык туруктуулугубузду жогорулатып, дүйнөлүк деңгээлде таанымал болууга мүмкүнчүлүк түздү. Мындай эл аралык кызматташтык жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө жана өз ара кызыкчылыктарды алга жылдырууда чоң роль ойноду. Эл аралык деңгээлде түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана баалуулуктарын жайылтуу максатында биз активдүү дипломатиялык ишмердүүлүк жүргүзүп келебиз. Бул багыттагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири — 2024-жылдын апрелинде БУУнун Женевадагы кеңсесинин колдоосу менен уюштурулган «Түрк жумалыгы» иш- чарасы болду. Аталган иш-чара түрк мамлекеттеринин эл аралык аренадагы биримдигин жана өз ара ынтымагын даңазалаган маанилүү окуяга айланды.
Мындан тышкары, биз бир катар ири иш-чараларды өткөрүп, түрк кызматташтыгынын эл аралык деңгээлдеги ордун жана көрүнүктүүлүгүн олуттуу түрдө бекемдедик. «Түрк жумалыгы» долбоорунун ийгилиги бизди жаңы демилгелерди ишке ашырууга шыктандырып, жакын арада бул иш-чараны дүйнөнүн башка ири шаарларында да өткөрүү боюнча чоң пландарды түзүүгө жол ачты.
- Бишкек саммитинде кандай негизги жетишкендиктер болду? Кыргызстандын төрагалыгы алдында ТМУнун 2025-жылга карата пландары кандай?
- Ооба, бул 11-саммит болду. Акыркы бир нече жылда мүчө мамлекеттердин лидерлери расмий саммиттерден тышкары, расмий эмес жолугушууларды да өткөрүп келишет. Мисалы, 2024-жылы Бишкекте өткөн саммиттин алдында расмий эмес саммит Азербайжандын Шуша шаарында уюштурулган. Ал символикалуу мааниге ээ болуп, Азербайжандын бардык аймактары бошотулгандан кийинки алгачкы саммит катары белгиленди. Ал эми 11- саммитке келсек, бул биздин уюм үчүн маанилүү окуя болуп калды. Анда экономикалык интеграцияга, туруктуу өнүгүүгө, санарип келечекке жана коопсуздук маселелерине көңүл бурулду.
Бишкекте биздин өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө багытталган 16 маанилүү келишимдер, чечимдер жана протоколдор кабыл алынды. Саммиттин башкы жыйынтыктарынын бири — стратегиялык кызматташуунун багытын аныктаган Бишкек декларациясынын кабыл алынышы болду. Документте экономика, санариптик трансформация, экологиялык туруктуулук жана коопсуздук сыяктуу негизги тармактар камтылган жана жалпы максаттарыбызга жетүү механизмдери белгиленген.
![](/media/images/3107638_tKtxmFv.a279d4b21df6b2b7cb6176bd53720a.width-800.jpg)
Мындан тышкары, региондо бирдиктүү экологиялык саясат жүргүзүүнүн пайдубалын түзгөн «Түрк жашыл көз карашы: туруктуу келечек үчүн биримдик» деген документке кол коюлду. Ошондой эле Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө декларация жана мурда айтылып кеткен Санариптик экономикада өнөктөштүк жөнүндө келишими түзүлдү. Бул документтер туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана аймактагы санариптик трансформацияны камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы финансылык кызматташтыкты чыңдоо үчүн Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши түзүлдү.
Бишкек шаары 2025-жылга карата Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору макамына ээ болду. Бул макамга ылайык, шаар санариптештирүү маселелери боюнча негизги эл аралык жолугушуулар менен иш-чаралардын борборуна айланат жана түрк мамлекеттеринин технологиялык өнүгүүгө болгон биргелешкен умтулууларын чыңдайт. Мындан тышкары, эки маанилүү документ — «Түрк дүйнөсүнүн уставы» жана «ТМУнун туруктуу өкүлдөрү жөнүндө жобо» кабыл алынды. Бул биздин институционалдык түзүмүбүздү бекемдеп, кызматташтыкты натыйжалуу жана макулдашылган түрдө улантууга шарт түзөт. 2025-жылы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө жана Түрк дүйнөсүнүн чегинен тышкаркы кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Алардын эң негизгилеринин бири ТМУга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана вице-президенттеринин алгачкы жолугушуусу болот. Бул иш-чара өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана тармактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, интеграциялык процесстерди андан ары бекемдөөгө олуттуу түрткү берет.
Жалпысынан ТМУ стратегиялык кызматташтыкка басым жасоо менен 2025- жылга карата амбициялуу күн тартибин улантат. Айрыкча Шуша жана Бишкек саммиттеринде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу иштерин улантабыз. Бул саммиттерде 2025-жылы аткарылышы зарыл болгон конкреттүү тапшырмалар менен долбоорлор белгиленген. Приоритеттүү багыттардын бири Инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы Эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу болот. Бул маанилүү кадам экономикалык кызматташтыктагы тоскоолдуктарды жоюп, интеграцияланган соода мейкиндигин түзүүгө өбөлгө болот.
![](/media/images/3107618.495db52e8c9059600a3382a0c0768e6b.width-800.jpg)
Мындан тышкары, БУУ, ИКУ, Африка Биримдиги жана АСЕАН сыяктуу эл аралык уюмдар жана аймактык түзүмдөр менен кызматташууну кеңейтебиз. Бүгүн биз бул түзүмдөргө мурдагыдан да жакынбыз жана жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн аракеттерибизди бириктирүү абдан маанилүү. Ошондой эле 2025-жылы бизде эки маанилүү саммит өтөт Венгрияда бейформал саммит жана Азербайжанда 12-расмий саммит. Алар Уюмдун мындан аркы өнүгүү векторун аныктаган негизги чечимдерди талкуулоо жана жаңы демилгелерди баштоо үчүн маанилүү аянтча болот.