Тажикстандын өкмөт башчысына таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун иши көрсөтүлдү

Министрлер кабинети 14 Февраль 2026 10:20
698f2899bc3ad-thumb.jpg
698f27a85959c-thumb.jpg
698f2892edf98-thumb.jpg
698f2893b8bfc-thumb.jpg
698f2895f28db-thumb.jpg
698f289062003-thumb.jpg
Алдыга
Артка
698f2899bc3ad-thumb.jpg
698f27a85959c-thumb.jpg
698f2892edf98-thumb.jpg
698f2893b8bfc-thumb.jpg
698f2895f28db-thumb.jpg
698f289062003-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү экотехнологиялык заводдун иши менен таанышты.

Анда өкмөт башчыларына заводдун кубаттуулугу, таштандыларды кайра иштетүү системасы, ошондой эле таштандыларды утилизациялоонун натыйжасында электр энергиясын өндүрүү тууралуу маалымат берилди.

Таштандыларды утилизациялоонун заманбап технологияларын киргизүү айлана-чөйрөгө экологиялык жүктү азайтууга, шаардын санитардык абалын жакшыртууга жана "жашыл" экономиканын принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшөрү айтылды.

Тараптар экологиялык жактан туруктуу технологиялар, таштандыларды рационалдуу башкаруу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кохир Расулзода заводду таштандыларды кайра иштетүү жаатындагы заманбап чечимдердин жакшы жана келечектүү үлгүсү деп атап, долбоорго кызыгуусун билдирди. Экотехнологиялык ишканага баруу Тажикстан делегациясынын иш сапарынын программасынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды.

Эске салсак, 13-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген.