Таштандыдан табылган ымыркай чарчап калды - Саламаттык сактоо министрлиги

Коом Загрузка... 03 Февраль 2025
434022-426509-756x425-1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Бишкектеги таштандыдан табылган ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, абалы оор деп бааланып жаткан ымыркай, 1-февраль күнү көз жумган.

Эске салсак, 28-январь күнү Бишкекте көчөлөрдүн биринде таштандыдан окуучу балдар жаңы төрөлгөн ымыркай таап алганы белгилүү болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай тууралуу «28-январь күнү саат 08:05те тез жардам менен Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалдагы ымыркай жеткирилген. Ага ара төрөлгөн деген диагноз коюлган кыздын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бөбөк тиешелүү дарылоонуудан өтүп жатат» деп маалымат берген.