Ташкентте коңшу мамлекеттердин энергетика министрлеринин жолугушуусу өттү. Талкууланган маселелер

Борбор Азия Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. 27-январда Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргызстанга 2025-жылы электр энергиясын жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн суу-энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын суу чарба жана энергетика ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда энергетика тармагындагы буга чейинки кызматташтык жана мындан аркы аткарыла турган иштердин планы жана , суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өлкөлөр аралык энергетика тармагында бири-бирине болгон колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле Кыргызстан 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшү үчүн, калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда Кыргызстанга электр энергиясын импорттоону өз убагында үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери каралды.

Белгиленгендей, аталган жыйынга Кыргызстандын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министрининн орун басары С. Есимханов, Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министри Д. Жума катышты.

Жыйынтыгында суу-энергетика тармагындагы кызматташуу маселеси боюнча жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Мындан тышкары Крнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Ташкентте коңшу өлкөнүн министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Алгач Азербайжандын энергетика министринин орун басары Зейналов Орхан менен болгон эки тараптуу жолугушууда жаңы 110 кВ жана 35 кВ кабель электр линиясын куруу үчүн муфталар жана керектүү жабдууларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу Тажикстандын энергетика жана суу чарба министри Д.Ш. Жума менен болуп өттү. Анда министрлер эки өлкөнүн ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтык, ири долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, CASA-1000 долбоорунун аякташы жана аны ишке киргизүү, мындан аркы пландар тууралуу сөз кылышты.

Белгилей кетсек, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК менен «Барки Точик» — Тажикстан Республикасынын мамлекеттик улуттук энергетикалык компаниясы ортосунда релелик коргоо жана аварияга каршы автоматташтыруу иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.