Тарыхый-маданий мурастар өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдайт

Маданият Загрузка... 06 Февраль 2025 14:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар саясий-экономикалык кызматташтык аркылуу гана бекемделбестен, маданий-гуманитардык алакалар аркылуу да артат. Мындан улам Кыргызстан дипломатиялык мамилелердин алкагында тарыхый-маданий мурастарды сактоого өзгөчө көңүл буруп келет. Атап айтсак, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди символдоштуруу үчүн көрүнүктүү маданий ишмерлердин жана баатырлардын эстеликтерин орнотуу аркылуу жарандарга жана келечек муунга тарыхты унуткарбай, алардын эмгегин баалай жүрүү керектиги туюндурулат. Тарыхый эстеликтер маанилүү окуяларды белгилөө, көрүнүктүү инсандарды эскерүү үчүн тургузулат. Эстеликти көргөн адам тарыхтын башатында тургандардын жетишкендиктерин, эрдиктерин эстейт, дүйнө таанымы кеңейет. Мындай символдор улуттук баалуулуктарды калыптандыруунун таянычына айланат. Эстеликтер элдин тарыхынын таш жана колодо сакталган бир бөлүгү десек жаңылышпайбыз.

Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын эстелиги башка өлкөлөрдө, ошол эле мамлекеттин ишмерлеринин айкелдери бизде орнотулуп келет. Алдыда биз акыркы жылдары башка мамлекеттерде тургузулган эстеликтерди тизмектейбиз.

  • 2021-жылдын 31-августунда Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында Манастын эстелиги орнотулган. Айкелди орнотууну ошол кездеги элчи Кубанычбек Өмүралиев демилгелеген. Эстеликти Кыргызстандын скульпторлору жасашкан. Айкел жез темирден жасалып, бийиктиги алты метрди түзөт. Ал эми астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.25.24.jpeg

  • 2022-жылдын 9-октябрында Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту жана анын атындагы сейил бак ачылган. Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, ага бюсттун орнотулушу жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматтын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге эки элдин боордоштук алакаларынын символу болуп калды.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.26.50.jpeg

Белгилей кетсек, Изник шаарында кыргыз баатырларынын күмбөзү бар. Ал эми Элазыктагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган. Ошондой эле Түркиянын борбору Стамбулда Манастын эстелиги орнотулган.

  • 2023-жылдын август айында Венгриянын борбору Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели тургузулган.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.27.54.jpeg

  • 2023-жылдын 22-октябрында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели ачылган. Айкелди жаш скульптор Тамила Маматова жасаган.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.28.30.jpeg

“Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал кыргыз элинин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырат. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет. Мындан тышкары, тактадагы QR-код аркылуу ар бир каалоочу айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

  • 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында Айкөл Манастын айкели ачылган. Эстелик Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн биринде жайгашкан. Айкелдин бийиктиги 10 метр, постаменти граниттен, ал эми скульптура колодон жасалган. Эстеликтин скульптору – Үрүстөмбек Пазылов, долбоордун архитектору - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев. Эстеликтин ачылышында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Айкөл Манастын эстелигинин орнотулушу эки өлкөнүн элдери үчүн маанилүү экенин жана казак элинин терең урматтоосунан кабар берерин айткан. Ошондой эле ал эки жыл мурда Бишкекте казак акыны Абайдын эстелиги тургузулганын, казактар менен кыргыздардын тамыры орток экенин белгилеген. “Мындай демилгелер кылымдарды карыткан жалпы тарыхы бар боордош элдердин достугун ого бетер бекемдейт”, - деген ал.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.32.52.jpeg

  • 2024-жылдын 24-апрелинде Азербайжандын борбору Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылган. Эстелик Баку шаарынын Азадлык көчөсүндөгү паркка орнотулган. Бийиктиги үч метрге жеткен колодон жасалган эмгек Азербайжандын эл сүрөтчүсү, скульптор Натиг Алиевге таандык. Ачылыш аземде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоодо Чыңгыз Айтматовдун чоң ролун баса белгилеп, кыргыз жазуучусунун эстелигин орнотуу, тарыхый мурастарды сактоодо жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналаарын айткан.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.34.44.jpeg

  • 2024-жылдын 24-майында Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган. Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар. Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган парк комплекси 2024-жылдын 17-майында ачылган. Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Парктын аймагында түркмөн акыны жана ойчулунун 60 метрлик эстелигинен тышкары, чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги бар.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.36.49.jpeg

Бүгүн, 6-февралда президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюсту ачылды. Жазуучунун бюстун кытайлык скульптор жасаган.

WhatsApp Image 2025-02-06 at 10.47.04.jpeg

Садыр Жапаров ачылыш аземде Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин баса белгиледи.

“Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү умтулуусуна негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем”, - деди мамлекет башчысы.