“Ысык-Көл” аэропортундагы ызы-чуу. Техникалар сынып, чыгым келтирилгени айтылды

Коом Загрузка... 22 Декабрь 2025 17:42
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда техникаларга зыян келтирилгени боюнча ишти милиция карап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.

Анын айтымында, “Манас” эл аралык аэропортунда туман болгондуктан, Москва – Бишкек аба каттамы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна жиберилген. Авиакомпания жүргүнчүлөрдү шаарга жеткирүү үчүн автобус даярдаган. Автобус баргычакты жүргүнчүлөрдүн ичинен үч аял ызы-чуу чыгарып, экипаж менен сүйлөшүүгө аракет жасап, учакка коё берүүнү кызматкерлерден талап кылышкан.

“Алар экипаж атайын Бишкекке конууну каалаган эмес деп айтышкан. Аэропорттун кызматкерлери коопсуздук эрежелерине ылайык, аталган жүргүнчүлөрдү учакка жиберишкен эмес. Андан соң алар аэропорттун кызматкерлерине асылып, компьютер, принтерди сындырышкан. Анын баарын видеого тартып турушкан. Биз бул окуядан кийин милицияга кайрылдык. Техникаларга зыян келтирилгендиктен, чыгымды эсептөө бөлүмүбүз эсептеп чыкты. Тиешелүү документтерди милицияга бердик”, - деди ал.

Ошондой эле Алена Хоменко белгилегендей, Ысык-Көл райондук милициясы бул иш электрондук каттоо журналына каттаганын айтты.

“Биз чыгымды калыбына келтирип берүүнү талап кылабыз. Милиция ишти карап жатат. Жыйынтыгын күтөбүз”, - деп кошумчалады ал.