Таластын тургуну: 30 жылдан бери президенттер мындай иш жасай элек болчу

Аймак 11 сентябрь 2026 15:30

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата жаңы ачылган социалдык жана өнөр жай объектилер жана башка жаңылануулар жергиликтүү тургундарды кубандырып жатат.

Мындай пикирин Бакай-Ата районунун тургуну Кудайберген Батыбаев Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарада “Кабар” агенттигине билдирди.

“Мындай күн Таласта боло элек болчу. Жакшынакай, сонун нерселер ачылды. 30 жылдан бери президенттер мындай иш жасай элек болчу. Балдар ойноп, ырдап-бийлеп жатат. Баары сонун болуп жатат”, — деди ал.

Видеонун автору Диана Айдарова “Кабар” агенттиги