Таласта мыйзымсыз курал-жарак жана ок-дарыларды сатууга шектүүлөр кармалды

Укук тартиби Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Милицияга белгисиз жарандар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарын сатууга ниеттенип, сатып алуучуларды издеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Талас облустук ИИБдин кызматкерлери менен биргеликте курал сатуучуларды пара менен кармоого багытталган атайын операция уюштурушкан. "Сатып алуучулар" ролун ыкчам  кызматкерлер өздөрү колго алышкан.

Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатуу учурунда 1959-жылы туулган А.С. жана 1996-жылы туулган С. Ф., аттуу жарандар кармалышкан. Алар экөө тең Талас облусунун Манас районунун тургундары.

Шектүү адамдарга таандык "Тойота" үлгүсүндөгү унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 5 даана ок атуучу курал табылып алынган. Анын ичинен белгилери өчүрүлгөн үч даана сайлуу ок атучуу куралдар жана 5,45-калибрдеги 71даана, 7,62- калибрдеги 13 даана октор табылган. Ошондой эле эки даана 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган ок атуучу куралдар катталган эмес. 

Ал эми кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө.