Бишкекте Афганистандан келген баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 30 Январь 2025 14:11
5kw2iwCySG0.jpg
475438522_1457770288515308_5022309047383339775_n.jpg
Алдыга
Артка
5kw2iwCySG0.jpg
475438522_1457770288515308_5022309047383339775_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бишкекте Афганистандан келген баңгизаттарды алуу жана таратуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 29-январда Аламүдүн районунун Байтик айылынын аймагында К.С.А. аттуу КР жараны кармалды.

Кармалган жаранды тинтүү учурунда жалпы салмагы 800 гр кочкул жашыл түстөгү "афган чарсы" баңгизаты табылган.

Жогоруда аталган баңги каражаттарды алуу жана таратуу каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу максатында УКМК тергөө-ыкчам иш-чаралардын тиешелүү комплексин улантууда.