Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Талас облусунда курал-жарак сатып алууга уруксат кагаздарын мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук прокуратурасы Талас ОИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында курал-жарак сатып алууга уруксат берүүдө коррупциялык схема колдонулганы ачыкталды.
Тагыраак айтканда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери курал-жарактарды биринчи жолу сатып алууга уруксат алган адамдарды окутууга лицензиясы бар айрым ЖЧКлардын жетекчилери менен сүйлөшүп алып, атайын окуудан өтпөгөн 25 жаранга окуу программасын аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү бурмалоо жолу менен жасап бергендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.