Таласта эки Rest Point борбору ачылды

Аймак 10 сентябрь 2026 15:20
Таласта эки Rest Point борбору ачылды
copyright icon WWW

Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Талас шаарында жана "Манас ордо" улуттук комплексинин аймагында туристтер үчүн жаңы Rest Point борборлору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Ачылыш аземине Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов катышты.

Жаңы Rest Point борборлору туристтердин жана жол жүрүп бараткан саякатчылардын эс алуусуна, керектүү маалыматтарды алуусуна жана сапар учурунда ыңгайлуу шарттар менен камсыз болушуна арналган.

Борборлордо туристтер үчүн заманбап инфраструктура түзүлгөн. Тактап айтканда, бул жерде заманбап маалымат борбору, душ бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр жана кафе иштейт.

Маалымат борборлорунан аймактагы туристтик объектилер, маршруттар жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алууга болот. Эс алуу зоналары саякатчыларга жолдо эс алып, сапарын улантуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.