Чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктар ар кыл тармактарда иштешип, ийгиликтерди багындырууда. Алгач жөнөкөй эле жумушчулардын катарын толуктаган мекендештер иштин нугун таап, көп убакыт өтпөй ишкана ачып, ири компаниялар менен тең тайлаша турган деңгээлге жетип жатат.
Бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө иштөөгө кызыгуу күч алууда. 24 жаштагы Арген Нурбеков учурда Кыргызстандан 6 миң чакырым алыстыкта жайгашкан Венгриянын Будапешт шаарында эки жылдан бери трак айдап иштейт. Алдыга чоң максаттарды койгон мекендешке "Кабар" агенттиги суроо узатып, азын-оолак маек курду.
— Европага келгениңизге канча убакыт болду?
— Европага келгениме 2 жыл болду. Биринчи жолу Литва мамлекетине барып, ал жакта бир жылдан ашык иштедим. Андан кийин Венгрияга которулуп, азыр ушул жерде эмгектенип жатам.
— Эмне үчүн башка өлкөдө эмес Европада иштөөнү тандадыңыз?
— Мен бала кезимде эле Европа мамлекеттерине барсам, кыдырсам деп ойлочумун. Анан келгенге жараша иштеп, каражат табууну туура көрдүм. Кыргызстандан кетүүмө эч нерсе деле түрткү болгон жок, алтын кен комбинатында иштечүмүн. Мен аскер кызматкери болом деп мектепти аяктаган соң Аскердик институтка тапшырып, эки жыл окуп, тилекке каршы окуумду толук бүтпөй калдым.
— Өлкөдөн алыс жакка кеткенде кантип көндүңүз? Анткени башка жердин абасы, тамак-ашы көп кишилерге жакпайт го
— Албетте, кыйынчылыктар болду. Бөлөк эл, бөлөк жер дегендей. Мен биринчи Литва мамлекетине келгенде бардыгы орусча сүйлөшчү, ошол жагынан жеңил болду десем болот. Бирок күнүмдүк жашоого көнүү үчүн бир айча кыйынчылык жаралды, тамак-аш жасамай, азык-түлүк сатып келиш керек. Кыргызстандын бааларына салыштырганда баалар кымбат сезилди. Ал убакта ишке чыга элек болчумун. Кыргызстандан келгендердин көбү жалгыздыктан кыйналат. Анткени жумушубуз, жатаканабыз да трактын ичинде да. Көп айдоочулар жалгыз болгонго көнө албай кетип калышат. Жалгыздыкты жеңсең, калгандары жеңил болот. Абасы таза. Бардык продукцияны таба алабыз. Бир гана биздин эттен айырмаланып, бул жактын этинин даамы жоктой сезиле берет.
— Кесиптештериңиз ар улуттан болсо керек?
— Жумуштагы кесиптештерим тууралуу айтсам, алар ар кайсы улуттан, украин, беларусь, орус, молдовандар, өзбек, тажик, казактар бар. Алар менен мамилебиз аябай жакшы. Баса белгилеп кетсем, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн жарандары бул жакта аябай жакынбыз, өзбек, тажик, казактар менен бир туугандай болуп, бири-бирибизден тамак-ашты аябай, кимде тамак болсо чакырышабыз, баарлашабыз.
— Баары эле маянаныз канча деп сураса керек? Канча айлык аласыз?
— Маяна бул жакта күнүнө төлөнөт, 75 евродон өйдө эсептелет жаңы келгендерге. Андан да жакшы иштеп, өзүңдү көрсөтсөң бонустарга чыгасың. Орточо эсеп менен 2200-2700 еврого чейин айлык алабыз. Акчамды топтоп, кыймылсыз мүлккө жумшап жатам. Ысырапчылык кылбай, үч айда бир каражатты ипотекага төлөйм.
— Сизге окшоп чет жакта иштеп жүргөн мекендештер менен жолугуп турасыздарбы?
— Бүгүнкү күндө Европанын бардык мамлекеттеринде кыргыздар көп. Мен билгенден Литва, Франция, Германияда кыргыз диаспоралары бар. Ай сайын, жыл сайын ар кандай чогулуштар, оюн-зооктор, концерттер болуп турат. Бирок мен бирине да катыша алган жокмун. Биз күнүгө бир мамлекеттен экинчи мамлекетке, шаарларга жүк ташып каттагандыктан, барууга мүмкүнчүлүк болбойт.
— Кыргызстанга эс алууга барып турасызбы?
— Ооба, эмгек өргүүгө чыкканда Кыргызстанга барып, эс алып келем. Мен Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Жайылма айылында төрөлгөм. Ата-энем бар, алты бир тууганмын, көп балалуу үй-бүлөдөнмүн.
— Европада иштегиси келгендерге кандай кеңеш бересиз?
— Эгер кимде ким Европага келип иштейм десе, мага кайрылса болот. Мен Кыргызстандан тааныштарымды, досторумду, туугандарымды иштөөгө чакырып жатам. Эки жылдан ашуун убакыттан бери бул жакта эмгектенип жаткандыктан, кандай жумуштар бар, кандай документтерди топтош керек билип калдым. Колуман келишинче жардам берем.
Белгилей кетсек, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 650 миң кыргызстандык сырткы миграцияда жүрөт. Бул сандар миграциянын агымынын жылдан-жылга жайлап жатканынан кабар берет. Анткени былтыр 900 миңден ашуун жаран мигрант катары катталгандыгы айтылган. Соңку кездери кыргызстандык эмгек мигранттары көбүнесе Европа өлкөлөрүнө иштөөгө ыкташууда.