Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Сузак районундагы Каду айылына чейинки жолду оңдоо жана асфальттоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда унаа жолдун 8-километринен 29-километрине чейинки 21 километр аралыгында иштер жүргүзүлүүдө.
"Анын ичинен 16 километр жолго асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери аяктоо алдында турат. Ал эми калган 5 километр тилкеде жер жумуштары аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.
Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт толугу менен сыйрып алынып, жолдун негизин тегиздөө жана түздөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда асфальт төшөө менен катар жолдун жээгин иретке келтирүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлүүдө.