Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Суусамырлык мал доктур жасалма уруктандыруу жолу менен 32 кг салмактагы асыл тукум музоо алды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Суусамыр айылындагы мал доктур Сагынбек Мейманкулов малды жасалма уруктандыруу ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет.
Ал министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий- изилдөө институтундагы асыл -тукум букаларынан өндүрүлгөн уруктарды колдонуп, сүт-эт багытындагы швиц породасындагы асыл тукум музоо алды. Музоонун салмагы 32 кг.
Белгилей кетсек, швиц породасы республиканын бардык аймактарында өстүрүүгө ылайыктуу.
Маалымат үчүн: Сүт-эт багытындагы уй жылына 3,5 миң килограммга жакын сүт берет. Рекорддук сүт алуу жылына 10 миң килограммга жетет. Майлуулугу жашаган аймакка жараша 3,6 - 4,2% түзөт. Продукциядагы протеин 3,2% дан кем эмес. Туура азыктандыруу менен активдүү өсүү мезгилинде суткалык салмак кошуу 1-1,1 кг жетет. Убакыттын өтүшү менен бул көрсөткүч азаят, бирок күнүнө 800 граммдан төмөн түшпөйт.