Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоонун экинчи этабы башталды

Коом 06 Февраль 2025 16:01
476225406_1047622164080304_9090706724029663582_n.jpg
476742201_1047622210746966_5313341956824343233_n.jpg
476156000_1047622170746970_6728060519331067742_n.jpg
Алдыга
Артка
476225406_1047622164080304_9090706724029663582_n.jpg
476742201_1047622210746966_5313341956824343233_n.jpg
476156000_1047622170746970_6728060519331067742_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Бишкектеги Аламүдүн дарыясынын нугун механикалык тазалоонун экинчи этабы башталды.

Мэриядан билдиришкендей, тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде үч экскаватор, алты ХОВО унаасы жана бир мунара колдонулууда.

Тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы башка шаардык кызматтар жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүүдө. Механикалык тазалоо суу ташкындарынын алдын алуунун, суунун сапатын жакшыртуунун жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Белгилей кетсек, тазалоонун мурунку этабы оң натыйжаларды берип, адистердин тобу ишти максималдуу эффективдүү улантууга багытталган.

Эске салсак, биргелешкен аракеттер экологиялык абалды жакшыртууга, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоого жана жаратылыш чөйрөсүн калыбына келтирүүгө багытталган.