Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Сотторго "чечимди мындай чыгар" деп эч ким басым жасабайт, мен андайга жол бербейм. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчысы соттордун көпчүлүгү менен түз байланышта экенин белгилеп, эгер кимдир бирөө чечим чыгаруу боюнча кысым көрсөтсө, соттор бул тууралуу дароо кабарлап турарын айтты.
“Мен соттордун көбү менен түз байланыштамын. Кандайдыр бир маселе жаралса, мага жазышат. Ким, кандай чечим чыгарууну талап кылып, кыйнап жатканын ачык айтышат. Мындай учурда мен ошол кишини чакырып, ордуна коюп коём. Менде мындай фактылар көп. Мурда сотторго көрсөтмө берип турган кураторлор болгону белгилүү. Мен андайга жол бербейм. Азыр ар ким өз ишин аткарат”, — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президент мурдагы башкаруу учурундагы терс көрүнүштөргө токтолуп, Администрация кызматкерлерине катуу эскертүү берилгенин кошумчалады.
“Мурда резиденттин администрациясынын бөлүм башчысы куратор болуп алып, өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция болчу. Мен азыркы иштеп жаткандарга катуу эскерткем: эгер мурдагылардын катасын кайталасаңар, камалып кетесиңер дегем. Сотторго эч ким көрсөтмө бербеши керек”, — деп баса белгиледи өлкө башчысы.