Сооронкулова: Садыр Жапаровдун чек ара маселесиндеги чечкиндүүлүгү мамлекеттин коопсуздугуна жооп берген саясат

Пикир Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Садыр Жапаровдун чек ара маселесиндеги чечкиндүүлүгү мамлекеттин коопсуздугуна жооп берген саясат. Бул тууралуу юрист Клара Сооронкулова Жетинчи каналга болгон маегинде билдирди.

Сооронкулова өз сөзүндө мурунку президенттер чек ара маселелеринен көбүнчө четтеп өткөнүн, ал эми Садыр Жапаров бул маселени биринчи кезекте карап, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча маанилүү иштерди аткарганын айтты.

“Мурунку президенттер канчалык аракет кылганы менен чечкиндүү кадамдарга бара алган эмес. Чек ара маселелерин чечүү мамлекеттин коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Садыр Жапаров бул багытта чечкиндүү кадамдарга барганын көрбөй, айтпай кое албайбыз” – деп белгиледи Сооронкулова.