Сокулук районундагы 2 кабаттуу мечитте өрт чыкты

Кырсык 1735 25 Январь 2025 11:11
IMG_1137.jpeg
IMG_1138.jpeg
IMG_1136.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_1137.jpeg
IMG_1138.jpeg
IMG_1136.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ӨКМдин басма сөз борбору

Бишкек, 25.01.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда эки кабаттуу мечитте өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшөр замат саат 20:15тен тартып 4 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүшүп, 22:12де чектөөгө алынган.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулунун жетекчилигинде ыкчам топ, 1 водовоз, ИИМден 2 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылып, мечитке жакын жайгашкан турак үйлөргө жалынды өткөрбөй сактап калышты.

Ал эми тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен мечиттин 900 чарчы метр аянты күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.