Бүгүн, 4-февраль - Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн 2005-жылдан тартып белгиленип келет. Негизги максаты — дүйнө коомчулугун бул глобалдык көйгөйгө көңүл бурдуруу жана залалдуу шишикке кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.
Дүйнөлүк илимпоздордун айтканына караганда, “рак” деген илдеттин өзү жок. Мындай термин менен клеткалардагы шишикке алып келген дарттын эки жүзгө чукул түрүн атап коюшат. Клеткалар туура эмес өөрчүп, андан шишик пайда болуп, жанындагы органдарды жабырката баштайт.
Чейрек кылымдан бери рактан көз жумгандардын көрсөткүчү төмөндөдү. Бирок онкологиялык оорулар дүйнө жүзүндөгү адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө.
Учурда статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары көп кездешүүдө. Аталган илдет тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору Амангелди Жумабаев менен баарлашты.
— Саламатсызбы! Бүгүн дүйнө жүзү боюнча ракка каршы күрөшүү күнү белгиленип жатат. Бул күнгө карата өлкөдө кандай иш-чаралар өтүп жатат?
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен жыл сайын бул күн белгиленип келет. Биздин өлкөдө дагы бул күн көз жаздымда калбайт. Бул күнү биз онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдө кандай жетишкендикер бар, элге маалымат берүү жаатында эмнеге жетише алдык, кандай жабдыктар алынды деген сыяктуу суроолорго жооп берүүчү күн. Бүгүн онкологиялык оорулар тууралуу калкка маалымат жеткирүү “Өз убагында текшерил – рактан бир кадам алдыда бол!” өнөктөгү башталды. Мындан сырткары, республика боюнча түшүндүрүү иштери, семинарлар өткөрүлүп жатат. Негизинен иш-чараларды бул күнү эле эмес, жыл боюу өткөрүүгө аракет кылабыз.
— Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан адамдардын саны канча? Зыяндуу шишиктин кайсыл түрү бизде басымдуулук кылат? Соңку статискага токтолсоңуз.
— Жалпысынан айтканда Кыргызстанда рак оорусу олуттуу көйгөй боюнча калууда. Учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда катталган бейтаптардын саны 33 миң 493тү түзөт. Анын ичинен 18 миңден ашууну даарыланып айыгып, көзөмөлдө тургандар. Ал эми калганы азыркы убакта дарыланып жатышат. 2020-жылдан 2023-жылга чейин жаңы аныкталган залалдуу шишиктердин саны 5 миң 377ден 6 миң 107ге чейин көбөйгөн. Муну менен катар, рактын кесепетинен өлүмгө дуушар болгондордун саны көбөйүүдө. Бул мезгилде өлүмдүн жылдык көрсөткүчү 3 миң 352ден 3 миң 539 учурга чейин көтөрүлгөн. Бул бирок толук жыйынтык эмес. Абсолюттук цифралар боюнча айтып жатам. Бизде зыяндуу шишик ооруларынын төрт түрү көп катталат. Алар: аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары. Ушулардын катарынан эң көп өлүмгө алып келгени -ашказандын рагы. Себеби ашказан рагынын белгилери өтө пассивдүү болуп, органдын ооруга чалдыккандыгын билүү кыйынга турат. Мындан улам ашказан рагына чалдыккандардын 70 пайызы оорунун 3-4 баскычына жетип, илдет өтүшүп кеткенде гана кайрылып калып жатышат.
— Онкологиялык оорулардын алдын алуунун эффективдүү жолдору барбы? Оору тукум кууйбу?
— Алгачкысы — профилактика. Бул сергек жашоо. Адам өзүнөн башташы керек. Салмагын дагы көзөмөлдөп турушу кажет. Аялдар толуп кеткенде гормоналдык баланс кыйроого учурайт дагы эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу күч алат. Андан сырткары, этти көп жейбиз, аны азайтуу зарыл. Башка элдин дагы тамактануу маданиятынан пайдалуу нерселерди алганыбыз туура болот. Мисалы, жашылча, чөп-чарды көп жегенибиз ден соолугубуз үчүн жакшы. Тамеки чеккенди токтотуш керек. Ракка чалдыгуу кооптуулугунун 30 пайызын сергек жашоо менен эле алдын алып койсо болот. Рак оорусу тукум кууйт. Андай фактылар дагы бар. Алар «кооптуу топко» кирет. Бирок коркпош керек. Болгону убагында тийиштүү адис, дарыгерлерге кайрылып, УЗИге түшүп туруу зарыл. Алдын алынган ооруну айыктырып, сакайтып алуу жеңил болот. Айрыкча кыз-келиндер убагында маммолог, гинекологго барып туруусу абзел.
— Байкасак, рак ооруларына чалдыккандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт экен. Буга эмне себеп болууда? Аялдардын илдет тууралуу маалымдуулугу төмөн болуп жатабы?
— Жатын моюнчасынын рагы - бул аялдын жатынында жана жатындын кынга туташкан жеринде пайда болгон рак клеткалары. Ал эң көп таралган гинекологиялык-онкологиялык оору болуп саналат. Аталган оору 30-50 жаштан жогору курактагы аялдарда болушу мүмкүн, бирок жаш кыздарда дагы пайда болгон учурлар кездешет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жатын моюнчасынын рагы аялдарда көп кездешкен рак оорусу боюнча төртүнчү орунда турат. Эгер бейтап убагында туура дарыланып, көңүл бурса, андан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн. Факторлор таасир этет. Бирок, биринчи кезекте, бейтап өзү бул ооруну күчөтүп жиберет. Аялдар өзүлөрүн жакшы карашпайт, убагында доктурга көрүнүшпөйт, ооруса дагы чыдап жүрө беришет же алдын ала профилактика кылышпайт, ушул сыяктуу башка көптөгөн себептер бар. Негизинен дарыгерлер тынбай эле аял киши 40 жаштан өткөндөн кийин жылына бир жолу текшерүүдөн өтүшү керек деп айтып эле келишет. Маммографиядан жок дегенде эки жылда бир өтүп койсо, жакшы болмок. Текшерүү учурунда илдеттин алгачкы стадияларын аныктоого болот. Тилекке каршы, аялдар оору өтүшүп кеткенде оор абалда келишет. Калктын 56%ы III стадияда келишет. Тагыраагы өрчүшүп өнөкөт ооруга айланган стадияда.
— Балдар арасында да ракка чалдыккандар көбөйүп бара жатат. Буга эмне себеп?
Рак оорусунун 30-40%ы туукум куучулук факторунан келип чыгат. Балдарда залалдуу шишиктин башкача түрлөрү кездешет. Аларда 60%ы кандын рагы кездешет.
— Азыркы тапта Онкология жана гематология борборунда абал кандай? Рак ооруларына каршы күрөшүү, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына канча каражат бөлүнүп турат? Рак ооруларын алдын алуу боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?
— Бир апта мурун Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе каралып, бизге 1 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Мурда мындай сумма берилген эмес. Соңку жылдарда мамлекет бизге абдан жакшы көңүл буруп жатат. Анткени, Улуттук онкология жана гематология борборундагы жабдыктардын дагы эскилиги жетти. Ошол жабдыктарды дагы заман талабына ылайык жаңылашыбыз керек. Химиялык дары-дармектер өтө кымбат. Негизинен биздин эсеп боюнча бизге 3 млрд сом каражат керек. Бирок, бөлүнгөн 1 млрд абдан жакшы көрсөткүч. Анан дагы бир кубандырарлык жагдай. Мына бүгүн таң эрте бүгүнкү датага байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдүк. Жыйынга жалпыга маалымдоо каражаттарынын дээрлик 50%ы келгендей болду. Былтыр мындай болгон эмес. Ушул журналисттер аркылуу дагы илдет тууралуу элдин маалымдуулугу жогорулайт да. Аябай кубандым. Ал эми иш-аракеттерге келсек. Биз жылдын башында дайыма онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү үчүн жылдык план түзүлөт. Ошол планга ылайык, дарыгерлер жер-жерлерде маалымат берүү, түшүндүрүү иштери, ачык эшик күндөрү өткөрүлүп турат.
— Маегиңизге чоң рахмат!