Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Белгилүү ырчы Согдиана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата уюштурулган концерттик иш-чарага чакырылган. Анда ал Кыргызстанга болгон өзгөчө жылуу мамилесин билдирип, кыргыз элинин меймандостугун жана ачык-айрым мүнөзүн жогору баалай турганын айтты.
Ал Кыргызстан жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлей турганын айтып, өлкөгө ар бир келгенинде өзүн үйүндөгүдөй эркин жана жайлуу сезерин белгиледи.
”Кыргызстанга келгенде өзүмдү үйүмдөгүдөй сезем”, — деди ырчы.
Ошондой эле Согдиана кыргыз элинин меймандостугу менен катар улуттук ашканасы да жагарын белгиледи.