Соцконтракт: Катышуучулар 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алат

Коом 18 сентябрь 2026 11:35
Соцконтракт: Катышуучулар 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алат

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Өлкөдөгү “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучулары 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алат. Бул тууралуу Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радиодон” билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 13 миң 333 жаран менен социалдык келишим түзүүнү пландаган.

“Бүгүнкү күнгө карата 9 миң 200 үй-бүлөгө “Социалдык контракт” долбоорунун алкагында каражат бергенге жетиштик. Кошумча иретинде “Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөрдүн ишкерлигин андан ары жакшыртуу максатында пайызсыз насыя механизмин ойлоп чыкканбыз. Ал программага катышуу үчүн үй-бүлөлөр “Элдик банк” жана “А банкка” арыз менен кайрылуусу шарт”,- деди Токтосунов.