Омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган балдардын тагдыры депутаттардын көңүлүн бурду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 17 Март 2025 18:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу Кыргызстанда канча балага омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) диагнозу жана "Золгенсма" дары каражатынын баасы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө суроо узатты.

Анын айтымында, 170 млн сом деген дары каражатынын кымбат баасы коомчулукта талкууланып, бир чети таң калууну да жаратууда.

Депутат мындай чоң сумманы саналуу күндүн ичинде чогулткан элге ыраазычылык билдирүү менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө бул дары каражаты тууралуу маалымат берүүнү сурады.

“Бул оору боюнча бизде маалымат бар бирок, кымбат дары жок болгондуктан элден акча чогултуп, башка мамлекеттен алууга туура келип жатат. Биз бейтап кайсы өлкөгө бара турган болсо, ошол жака министрдин атынан кат жазып, тиешелүү элчиликке да кат жөнөтөбүз. Бул дарыны бейтап канчалык эрте пайдалана турган болсо ошончолук тез жардамын берет. Бизде омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) боюнча башка дары-дармектерибиз бар. Жогорку технологиялар фонду боюнча айтылган дары жок. Башка дарылар менен камсыздалып жатат. Тизмесин тактап берем”, - деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.

Ал эми эл өкүлү мындай суммадагы каражатты чогултуу жөнөкөй убакытта оор экендигин, учурда орозо айы болгондуктан да эл жапырт кичинекей Хамза, Аслан, Байхан үчүн тез убакытта каражат чогулткандыгын белгиледи.

“Кайдыгер эмес элге рахмат, бөбөктөр тезирээк айыгып кетсин. Силер да даяр туруп, жардам берүү жолдорун караштырып көрсөңүздөр. Ушул сыяктуу көп суммада каражат керектелген операциялар учурда жүздөп саналат. Тилекке каршы көпчүлүгү карапайым калктын арасында, бирок дайыма эле масштабдуу деңгээлде акча жыйноо кыйын. Мындай жагдайларда бейтапты да, элди да бушайман кылбай, мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, маселени чечүү дурус болот. Саламаттык сактоо министрлиги бул жерге келип, кооз жооп берип эле койбой, бул багытта аракет кылыңыздар. Ушундай ооруларга чалдыккан жарандарыбызга жардам берип, кам көрүңүздөр”,- деди депутат Советбек Рустамбек уулу.