Бишкек,17.03.25./Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 42 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар, ал эми сел коркунучу бар кооптуу аймакта 2 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаз мезгилинин келиши жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел, суу ташкындары, ошондой эле жер көчкүсү активдешүүсү мүмкүн.
Мындан улам ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин корутундулары жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын актыларынын негизинде Сүлүктү шаарындагы кооптуу деп табылган тилкелерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жер көчкү жана сел жүрүү кооптуулугу бар деп табылган Мамбетов, Шахтерская, Макаевка жана Жураев көчөлөрүндө жалпысынан 42 кожолук жашап келет. Алардын катарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан көмүр өндүрүү шахталары да бар.
Белгилей кетсек, аталган участкаларда жашап жаткан айрым тургундар мамлекет тарабынан ссуда алган менен, жер тилкеси берилген эмес.