Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Сириянын жаңы президенти болуп Ахмед аш-Шараа жарыяланды. Бул тууралуу “Настоящее время” басылмасы кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, Ахмед аш-Шараа (Абу Мухаммад аль-Джулани) - "Аль-Каиданын" мурдагы талаа командири, Хаят Тахрир аш-Шамдын (АКШда жана башка өлкөлөрдө террорист катары таанылган) лидери болгон.
Эске салсак, аталган топ өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында козголоңчуларды жетектеп, Дамаскты басып алган, андан кийин Башар Асаддын режими кулаган. Асад өзү Россияга качып, ал жактан үй-бүлөсү менен башпаанек алган.
Сириянын жаңы лидери буга чейин “өткөөл мезгилден” кийин туруктуу өкмөт шайлоо аркылуу түзүлүшү керек деп айткан. Бирок ал “өткөөл мезгил” канчага созулаарын тактаган жок.